Министрлер кабинети “Аманат” улуттук холдингин түзүү идеясынан баш тартты

Министрлер кабинети “Аманат” улуттук холдингин түзүү идеясынан баш тартты. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрү бул демилгени колдошкон жок. “Аманат” холдингин түзүү планы өткөн жылдын июль айында белгилүү болгон. Ишкана Кыргызстандагы 16га жакын акционердик коомду бириктире турганы маалымдалган. Долбоордун негизги… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 88,5 млн сом чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 88,5 миллион сом чогултушту. Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Ошто быйл 5 бала бакча ачылат

Ошто быйл 5 бала бакча ачылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Амир-Тимур, Курманжан Датка кичи райондорунда жана Кеңеш, Ак-Тилек калк жашаган түйүндөрүндө пайда болот.   Учурда төрт объектте иштер жүрүүдө, ал эми дагы бир имараттын курулушу жакынкы арада башталат. Бул максатта… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүү чехиялык компанияга  өткөрүлөт

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүү чехиялык компанияга  өткөрүлөт. Тиешелүү протоколго калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров менен чехиялык компаниялар консорциумунун өкүлдөрү кол коюшту. Маалыматка ылайык, чет элдик инвесторлор таштандыны кайра иштетүүчу заводдун курулушу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Анын сметалык баасы 45 миллион долларды түзөт. Завод… Кененирээк…

Бишкекте жакынкы күндөрү тротуарларды оңдоо иштери жанданат

Бишкекте жакынкы күндөрү тротуарларды оңдоо иштери жанданат. Мэрия маалыматына ылайык, жумуштар Байтик Баатыр, Киев, Садырбаев, Панфилов жана Абай көчөлөрүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтмөгүндө жүргүзүлөт.   Ремонт иштери аба-ырайы турукташканда башталат деп пландалууда.

Кыргызстанда 10 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды

Кыргызстанда 10 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 58 мал базар бар, анын үчөө жаңыдан салынган.   Текшерүү учурунда 47 мал базарда ветеринардык-санитардык нормалар сакталбаганы аныкталып, жазуу түрүндө эскертүү берилди.   Ал… Кененирээк…

Токтогул сактагычында суунун көлөмү кескин азаюуда

Токтогул сактагычында суунун көлөмү кескин азаюуда. “Электр станциялары” ишканасынынан билдиришкендей, учурга карата резервуарда 8 миллиард кубометр суу калды.   Нымдуулуктун агып кириши 151 куб, ал эми сарпталуусу 443 кубометрге барабар болууда. Белгилеп кетсек, Токтогул максималдуу түрдө сууга толгондо – 19,5 миллиард кубометрге жеткен, орточо көлөм… Кененирээк…

Ордо калаанын 3 конушунда таза суу өчүрүлдү

Ордо калаанын 3 конушунда таза суу өчүрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин суу Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазаларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте жаңы автобустук каттам түзүлдү

Бишкекте жаңы автобустук каттам түзүлдү. Мэрия маалыматына ылайык, №50 автобус Жилгородоктон Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин барат. Каттамдын жалпы узундугу 44 чакырым, автобустардын жүрүү интервалы – 7 мүнөт.   Эске салсак, өткөн айда Бишкекке Кытайдан 120 автобус жеткирилди. Айрым маршруттук каттамдар жоюлуп, ордуна жаңы автобустук линиялар… Кененирээк…

УКМКнын атайын багыттагы аскерлери Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 8-орунду багындарды

Дубайда өткөн “UAE SWAT Challenge 2023” эл аралык мелдеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан КР командасы финалдык 8-орунду ээледи.   Атайын кызматтан билдиришкендей, күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бул бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү. Быйыл 28 өлкөдөн жарыяланган 65… Кененирээк…