Таласта компьютердик томографиянын баасы арзандатылды

Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы арзандатылды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын январь айынан тарта Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томография иштеп баштады.

Оорукананын жетекчиси Нурдин Усупбековдун айтымында, 2022-жылы чыккан бул жаңы аппарат дарыгерлердин жумушун кыйла жеңилдетүүдө.

«Ооруканабызда компьютердик томография жокто бейтаптар айласыздан жолдун алыстыгына карабастан борбор калаага же жеке менчик клиникаларга кайрылууга аргасыз эле.

Эми бул аппарат менен шашылыш түрдө түшкөн бейтаптардын дартын тез арада аныктап, дарылоого шарт түзүлдү”, — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен республиканын калкына өз убагында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында компьютердик томограф күнү-түнү иштөөгө өттү.

Ошондой эле министрликтин тапшырмасы менен калкка жеткиликтүү диагностикалык кызмат берүү үчүн компьютердик томографиянын баасы 2 миң 601 сомдон 1 миң 500 сомго төмөндөтүлдү.

Аппарат республикалык бюджеттин эсебинен 349 миң долларга сатылып алынган.