Жалал-Абадды өнүктүрүүгө быйыл 2 млрд сом бөлүндү

Жалал-Абадды өнүктүрүү программасын ишке ашырууга быйыл 2 миллиард сом бөлүндү.

Каражатка Түмөнбай Байзаков атындагы маданият жана эс алуу багында балдар оюн комплексин жана заманбап кинотеатр куруу пландалууда.

Ошондой эле шаарда инновациялык IT борбору, жаңы оорукана жана муниципалдык бала бакча пайда болот.

Мындан тышкары, жыл ичинде шаарда үчтөн кем эмес жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө.