Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Шаардын Ленин көчөсүндөгү таштанды баскан 8 миң чарчы метрлик жер реконструкцияланып, сквер түзүлөт.
Бул жерде фонтан, тротуарлар курулуп, отургучтар жана тышкы жарыктандыруу системасы орнотулат.