Орто-Токой кичи ГЭСинин курулушуна 36 миллион доллар багытталат

Орто-Токой кичи ГЭСинин курулушуна 36 миллион доллар багытталат. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. Белгилеп кетсек, станцияны Кыргызстан менен Кытай биргеликте курмай болду.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы кубаттулугу 21 мегаватты  түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.