Айыл чарба министрлиги дыйкандарга жеткиликтүү баада күйүүчү май сатылып жатканын эскертет. Белгилеп кетсек, Материалдык резервдер мамлекеттик фонду менен май куючу станциялар тармагы ортосунда жетишилген келишимге ылайык, аймактарга 3 миллион литр дизелдик отун жеткирилген.
Күйүүчү май дыйкандарга литрине 65 сомдон сатылат. Бул базар баасынан арзаныраак.
Арзандатылган баа менен отунду алуу үчүн фермерлер айыл өкмөттөргө кайрылышы керек.