Лионель Мессинин трансфердик баасы 45 миллион еврону түздү. Аналитиктердин маалыматына ылайык, ПСЖ чабуулчусунун баасы 2007-жылдан бери биринчи жолу түшүп кетти.
Өткөн жылдын ноябрь айында эле Месси 50 миллион долларга бааланса, 2018-жылы анын трансфердик наркы 180 миллион евро болчу. Эске салсак, Месси “Барселонадан” ПСЖга 2021-жылы эркин агент катары которулду.
Анын франциялык клуб менен келишими ушул сезон менен аяктайт.