Бишкекте орточо айлыктын өлчөмү февралда 402 долларды түздү

Бишкекте орточо айлыктын өлчөмү февралда 402 долларды түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарлары менен салыштырганда, эң аз деп эсептелет.

 

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы өткөн айда Бишкек башка ордо калаалардан артта калганын көрсөттү.

 

Мисалы, Бишкекте орточо айлыкка 650 килограмм ун сатып алса болот, ал эми Москвада 3 эсе көп,  2 тоннадан ашык ун келет. Астанада бир айлыкка 3 тонна картошка алынса, Бишкекте болгону 800 килограмм сатып алса болот.