Ички иштер министрлиги кыз-келиндер үчүн сынамык түрдө SOS кнопкасын ишке киргизет

Ички иштер министрлиги кыз-келиндер үчүн сынамык түрдө SOS кнопкасын ишке киргизет. Ведомство маалыматына ылайык, баскыч аялзатына карата кылмыш жасала турганы айкын болуп калганда кооптуулукту билдирген сигнал болуп, милицияны тез чакырууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Аталган кнопка телефонго орнотулуп, геолокация күйүп турган учурда маалымат кетире турган тиркеменин жардамы менен иштейт. Долбоор качан ишке кирет, азырынча белгисиз.