Бишкектин Садырбаев көчөсүндө жаңы тротуар жана веложол эки айдан кийин ачылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жолдун түштүк тарабындагы курулуштун жалпы узундугу дээрлик 3 чакырымды түзөт.
Учурда жумушка тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин 2023-жылдын май айына чейин бүткөрүү пландалууда.