Кыргызстанда  жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда

Кыргызстанда  жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда. Ал онлайн форматта жүрүп, 7-апрелге чейин созулат, — деп эскертет Билим берүү министрлиги.

 

11-классты аяктап жаткандар өз мектептеринен эле катталат, өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү – райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө. Негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы быйыл 100 сомго көтөрүлүп, 470 сомду түзөт.

 

Тестирлөөнүн өзү 19-майдан 24-майга чейин өтөт.