Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында инфляция 3,2 пайызды түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында инфляция 3,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жетекчисинин орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 3,5 пайыздан ашык, азык-түлүк эмес товарлар 2 пайызга, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 2,6 пайызга жогорулаган. Баарынан да… Кененирээк…

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу кыймылга убактылуу жабылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу кыймылга убактылуу жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аба-ырайынын начар шарттарынан улам аталган трасса аркылуу транспорттун бардык түрү өткөрүлбөйт.   Эркечтам ашуусунда учурда кар жаап, бороон болууда. Жеринде жолчулар иштеп жатат.

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду.   Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана жакынкы күндөрү өндүрүштү баштайт.   Курулуш иштерине 20 миллион сом бөлүнгөн. Анда азыркы тапта 30 адам жумушка алынды, алардын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт. Завод суткасына… Кененирээк…

Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо айлык 30 миң сомду түздү

Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо айлык 30 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 эсе көп. Маянынын жогорулашы искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздоо,… Кененирээк…

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи.   Улуттук команда мындай алдыңкы орунга жети балбандын ийгилиги менен жетти. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын медаль тагынды. Ал эми Үзүр Жузупбеков күмүш байгеге ээ болду.   Үчүнчү орунду Раззак… Кененирээк…

Түштүк Африкада Пасха майрамында бир учурда 800 жуп баш кошту

Түштүк Африкада Пасха майрамында бир учурда 800 жуп баш кошту.   Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң массалык салтанат болуп калды. Жаштардын баш кошуу иш-чарасы ыр-бий менен коштолду.   Мындай жалпылап той өткөрүү Африкада жыл сайын уюштурулуп келген. Бирок пандемиядан кийин биринчи ирет өтүп жаткандыктан,… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең республиканын басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөйт.   Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Аба  табы дагы төмөндөп, салкын болот.

Кыргызстанда Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот

Кыргызстанда Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттан такташкандай, негизи Кадыр түн орозо башталгандан кийин 27инчи түндө тосулат.   Ал эми Айт качан болору азырынча тактала элек.

Кыргызстан унаанын электрондук паспортун каттоо боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгат

Кыргызстан унаанын электрондук паспортун каттоо боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгат. Бул тууралуу бүгүн видео-көпүрөнүн учурунда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди.   Анын айтымында, транспорт каражатынын электрондук паспорту ага кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү дароо киргизгенге шарт түзөт.   Андан тышкары, электрондук паспорту… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот.   Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Жарыяланган сынактарга ылайык, Ак-Бата конушунда жаңы мектеп толугу менен курулат, ал эми №87, 3, 82,83 мектептерге кошумча корпустар салынат.