Түштүк Африкада Пасха майрамында бир учурда 800 жуп баш кошту.
Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң массалык салтанат болуп калды. Жаштардын баш кошуу иш-чарасы ыр-бий менен коштолду.
Мындай жалпылап той өткөрүү Африкада жыл сайын уюштурулуп келген. Бирок пандемиядан кийин биринчи ирет өтүп жаткандыктан, үйлөнгүсү келгендердин саны эки эсе көп болду.