Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи.

 

Улуттук команда мындай алдыңкы орунга жети балбандын ийгилиги менен жетти. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын медаль тагынды. Ал эми Үзүр Жузупбеков күмүш байгеге ээ болду.

 

Үчүнчү орунду Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков жана Роман Ким ээлешти.