Кыргызстан унаанын электрондук паспортун каттоо боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгат

Кыргызстан унаанын электрондук паспортун каттоо боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгат. Бул тууралуу бүгүн видео-көпүрөнүн учурунда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди.

 

Анын айтымында, транспорт каражатынын электрондук паспорту ага кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү дароо киргизгенге шарт түзөт.

 

Андан тышкары, электрондук паспорту бар унаа менен ЕАЭБдин каалаган өлкөсүнө тоскоолдуксуз кирсе болот жана машинени сатууга дагы укук берилет.