Манасбек Самидинов кайрадан “Манас” аэропортунун жетекчиси болду

25-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда Манасбек Самидинов кайрадан аэропорттун директору болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   Ушул эле күнү директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлап ага Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров кирди. Ал эми директорлор… Кененирээк…

Кыргызстандын футболчулары июнда Иран командасы менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы июнь айында Бишкекте Ирандын курамасы менен беттешет. Оюн Борбор Азиядагы биринчи болуп эсептелген CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында өтөт. Аймактык чемпионат 11-20-июнь аралыгында Ташкент жана Бишкек шаарларында болот. Баса, Борбор Азия турнирине Оман командасы да чакырылды. Биринчи тайпада Иран… Кененирээк…

«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Сынакка 2021-2022-жылдары тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруунун салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 2-июнда өтөт. «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал… Кененирээк…

Британиянын Блэкпул шаарында өзгөчө вакансия пайда болду

Британиянын Блэкпул шаарында өзгөчө вакансия пайда болду. Жергиликтүү зоопарк чымчыктын костюмун кийип алып, чардактарды кубалай турган кызматкерди издеп жатат.   Анткени, аталган канаттуулар келген кардарлардын дагы, жаныбарлардын дагы тамактарын уурдап кетет.   Жарыяда белгиленгендей, бул кызматка талапкер сабырдуу жана энергиялуу болушу керек. Бирок эмне себептен… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин толугу менен газга өткөрүү пландалууда

Бишкек ЖЭБин толугу менен газга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Ал белгилегендей, жылуулук-электр борборун көгүлтүр отко өткөрүү менен шаардын экологиялык абалын бир топ жакшыртса болот.   Буга чейин бул тема бир нече ирет шаардык кеңеште дагы, Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.… Кененирээк…

УКМК кызматкери аралашкан окуя иликтенүүдө

Баткенде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жергиликтүү кызматкери аралашкан деген окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын 25-апрелде облустук милиция билдирди.   Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 24-апрелдин түнүндө Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында болгон. Бир нерсе күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөндүктөн,… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Баткенде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын иш топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу 25-апрелде кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу 19-25-апрель күндөрү Баткен шаарында өттү. Анда эки тараптын өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын айрым жерлеринде буга чейин макулдашылган… Кененирээк…