Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Баткенде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын иш топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу 25-апрелде кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу 19-25-апрель күндөрү Баткен шаарында өттү. Анда эки тараптын өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын айрым жерлеринде буга чейин макулдашылган графикке ылайык биргелешкен талаа иштерин жүргүзүштү.

 

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында өттү. Жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду» деп айтылат маалыматта.

Ортодогу чек ара боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакка алынган, алардын айрымдары үй камагына чыкты, калгандары тергөө абагында отурат.