УКМК кызматкери аралашкан окуя иликтенүүдө

Баткенде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жергиликтүү кызматкери аралашкан деген окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын 25-апрелде облустук милиция билдирди.

 

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 24-апрелдин түнүндө Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында болгон.

Бир нерсе күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөндүктөн, ал жерге райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү барган. Ал айылдагы каналдын жээгинде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын эсепчиси, ага лейтенант наамындагы кызматкери жергиликтүү эки тургун менен «мас абалда “Мерседес-Бенц 210” машинасында музыканы катуу коюп алып отурушканын» көргөн.

 

“Тартипти сактоого чакырганда милициянын аймактык тескөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, ага лейтенант мас абалында аны бир сүзүп, үстүндөгү кийген формасын жыртып, айдап барган автоунаасынын ачкычын алып, бекитип койгон. Баткен РИИБ кызматкерлери окуя болгон жерге барып, үчөөнү кармап, алар спирт ичимдигин ичкендигин аймактык ооруканадан аныктап, машинасын айып төлөөчү жайга киргизишкен.

 

Ал эми жабыркаган аймактык тескөөчү Баткен шаарындагы ооруканага жаткырылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, — деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.

Бул факт Баткен милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

УКМК окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.