Кыргызстандын футболчулары июнда Иран командасы менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы июнь айында Бишкекте Ирандын курамасы менен беттешет.
Оюн Борбор Азиядагы биринчи болуп эсептелген CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында өтөт. Аймактык чемпионат 11-20-июнь аралыгында Ташкент жана Бишкек шаарларында болот. Баса, Борбор Азия турнирине Оман командасы да чакырылды.
Биринчи тайпада Иран менен Өзбекстандын, экинчиде Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бар. Өзбекстан менен Кыргызстандын командалары тайпа кожоюну болгондуктан (оюндар эки шаарда өтөт) бири-бири менен беттешпейт. Демек, биринчи тайпадан Ирандын командасы Кыргызстанга атаандаш болот. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын оюнчулары Ташкентте күч сынашат.
Үчүнчү тайпада Түркмөнстан жана Афганстан, төртүнчүдө — Оман футболчулары.
Жобого ылайык, Ташкент тайпасында төрт, Бишкек тайпасында үч команда болот. Тайпада командалар бири-бири менен бир жолудан беттешет, группанын жеңүүчүлөрү финалга чыгат.