Британиянын Блэкпул шаарында өзгөчө вакансия пайда болду

Британиянын Блэкпул шаарында өзгөчө вакансия пайда болду. Жергиликтүү зоопарк чымчыктын костюмун кийип алып, чардактарды кубалай турган кызматкерди издеп жатат.

 

Анткени, аталган канаттуулар келген кардарлардын дагы, жаныбарлардын дагы тамактарын уурдап кетет.

 

Жарыяда белгиленгендей, бул кызматка талапкер сабырдуу жана энергиялуу болушу керек. Бирок эмне себептен ал чымчыктын костюмун кийип иштеши керек – такталган жок.