Мамлекеттик ипотеканын алкагында турак-жай алууга Бишкекте жана аймактарда өзүнчө кезек болот

Мамлекеттик ипотеканын алкагында турак-жай алууга Бишкекте жана аймактарда өзүнчө кезек болот. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмдун төрагасынын орун басары Амантур Оморов билдирди.   Анын айтымында, компаниянын бардык болочок кардарлары электрондук кезекке турушу керек. Ал ар бир аймак үчүн өзүнчө түзүлөт. Оморов эске салгандай, уюм ордо… Кененирээк…

Жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду

Жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, ишке орноштуруу кызматтары тарабынан  3 миң 600 адам жумушка кирген. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда убактылуу иштөөгө дээрлик  2 миңге жакын киши жөнөтүлгөн.   Дагы 1 миң 400 жаран… Кененирээк…

Бүгүн Ленин округунан шайлоого катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү

Бүгүн Ленин округунан шайлоого катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү. Талапкерлерди жылдыруу түнкү саат 12де токтотулат.   БШКдан такташкандай,  30-апрелге чейин шайлоого аттангандар тиешелүү документтерди жана 100 миң сомдук күрөө акысын төлөгөнүн тастыктаган квитанцияны тапшырышы керек.  Добуш берүүнүн өзү 28-майда өтөт.   Эске салсак, Ленин райондук… Кененирээк…

Бразилияда футболчу Пеленин атын потугалия тилинин сөздүгүнө киргизүү сунушталды

Бразилияда футболчу Пеленин атын потугалия тилинин сөздүгүнө киргизүү сунушталды. Легендарлуу оюнчунун ысымы “мыкты”, “улуу” жана “уникалдуу” деген сөздөрдүн синоними болушу мүмкүн.   Муну менен демилгечилер спортчунун элесин даңктоо ниетинде. Бул идеяны Пеле мурда ойногон “Сантос” футбол клубу жана ири медиакомпаниялардын бири колдоду.

Лионель Месси ПСЖ менен жаңы келишим түзө турган болсо, айлыгын көтөрүүнү талап кылат

Лионель Месси ПСЖ менен жаңы келишим түзө турган болсо, айлыгын көтөрүүнү талап кылат. Өткөн жылы клуб менен оюнчу макулдашууну узартуу тууралуу сүйлөшкөн.   Бирок Катарда өткөн дүйнө чемпионатынан кийин, Месси башкы трофейдин ээси болгондуктан, ал маянасын көтөрүүнү сунуштаган. ПСЖ жетекчилиги болсо, Месси менен коштошкусу келбейт,… Кененирээк…

Ордо калаанын 145 жылдыгына карата иш-чаралар Бишкекте апрелдин башынан бери  өтүүдө

Ордо калаанын 145 жылдыгына карата иш-чаралар Бишкекте апрелдин башынан бери  өтүүдө.   Вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей, расмий старт 2-апрелде веложарыш менен башталды.   Андан кийин ар кандай көргөзмөлөр жана спорт мелдештери өткөрүлүп жатат. Ал эми 29-апрелде филармонияда чакырылган коноктор менен расмий бөлүк башталат. Кечки саат… Кененирээк…

22-майдан тарта Оштон Россиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат

22-майдан тарта Оштон Россиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, каттамдарды жумасына бир жолу ата мекендик авиакомпания аткарып турат. Буга чейин, 20-апрелден баштап Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы каттам ачылган болчу.

Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөө системасы иштеп жатат

Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөө системасы иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен эске салышкандай, ал препараттарга бардык этаптарда байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт – өндүрүштөн баштап, бейтаптын колуна тийгенге чейин.   Ар бир дарынын кутусуна анын аталышын, өндүрүүчүнү, чыккан датасын жана импортер тууралуу маалыматты камтыган уникалдуу QR-код коюлат.  … Кененирээк…

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат.   Бишкектин санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, учурга карата 166 адам аталган курттардан жабыркап медицина кызматкерлерине жардамга кайрылды.   Кенелер Чүй облусунун чектеш аймактарында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар өзгөчө этият болушу керек. Кене жабышса, аны өз алдынча суурубай, дарыгерлерге кайрылуу… Кененирээк…

Бишкектин Биринчи май районунда “автокошуундар” пайда болду

Бишкектин Биринчи май районунда “автокошуундар” пайда болду.   Анын курамына акимиат жана муниципалдык аймактык башкаруунун кызматкерлери кирет. Алар аялдамалардагы токтотоо эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер айдоочу “автокошуундун” суранычын аткарбай койсо, тартип бузуу милицияга өткөрүлөт.   Андан кийин айып менен… Кененирээк…