Лионель Месси ПСЖ менен жаңы келишим түзө турган болсо, айлыгын көтөрүүнү талап кылат

Лионель Месси ПСЖ менен жаңы келишим түзө турган болсо, айлыгын көтөрүүнү талап кылат. Өткөн жылы клуб менен оюнчу макулдашууну узартуу тууралуу сүйлөшкөн.

 

Бирок Катарда өткөн дүйнө чемпионатынан кийин, Месси башкы трофейдин ээси болгондуктан, ал маянасын көтөрүүнү сунуштаган. ПСЖ жетекчилиги болсо, Месси менен коштошкусу келбейт, бирок ошол эле учурда анын айлыгын жогорулатууга дагы даяр эмес.