Жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3 миң 600 адам жумушка кирген. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда убактылуу иштөөгө дээрлик 2 миңге жакын киши жөнөтүлгөн.
Дагы 1 миң 400 жаран эмгек рыногунда талап жогору болгон кесиптерге окумай болду.
Тагыраак айтканда алар медайым, компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чачтарач, маникюр чебери, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, слесарь-сантехник адистиктерине ээ болушат.