Бразилияда футболчу Пеленин атын потугалия тилинин сөздүгүнө киргизүү сунушталды

Бразилияда футболчу Пеленин атын потугалия тилинин сөздүгүнө киргизүү сунушталды. Легендарлуу оюнчунун ысымы “мыкты”, “улуу” жана “уникалдуу” деген сөздөрдүн синоними болушу мүмкүн.

 

Муну менен демилгечилер спортчунун элесин даңктоо ниетинде. Бул идеяны Пеле мурда ойногон “Сантос” футбол клубу жана ири медиакомпаниялардын бири колдоду.