Бүгүн Ленин округунан шайлоого катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү

Бүгүн Ленин округунан шайлоого катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү. Талапкерлерди жылдыруу түнкү саат 12де токтотулат.

 

БШКдан такташкандай,  30-апрелге чейин шайлоого аттангандар тиешелүү документтерди жана 100 миң сомдук күрөө акысын төлөгөнүн тастыктаган квитанцияны тапшырышы керек.  Добуш берүүнүн өзү 28-майда өтөт.

 

Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке келген Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандыктан, анын орду парламентте бош калган.