Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөө системасы иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен эске салышкандай, ал препараттарга бардык этаптарда байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт – өндүрүштөн баштап, бейтаптын колуна тийгенге чейин.
Ар бир дарынын кутусуна анын аталышын, өндүрүүчүнү, чыккан датасын жана импортер тууралуу маалыматты камтыган уникалдуу QR-код коюлат.
Ошодой эле ал маалымат дары-дамек менен камсыздоо департаментинин, фармацевтикалык компаниялардын, ооруканалардын жана дарыканалардын базасында сакталат.