№26 бала бакчанын аймагында кошумча корпус курулууда. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Киргизия-1” конушунда жайгашат.
Жаңы корпус 140 бөбөккө чакталат. Бул жерде оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, спорт жана музыка залдары орун алат.