Бул жумада окуучулар мектеп менен коштошуп, “Акыркы коңгуроо” кагылат. Билим берүү министрлигинен буга чейин билдиришкендей, өлкө мектептерин быйыл 69 миңдей окуучу аяктайт.
Ал эми 115 миң окуучу 9-классты бүтүрүүдө. Ведомстводон эскертишкендей, 25-майда мектептеги салтанаттуу линейкадан тышкары кечелерди, кафе-ресторандарда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.