Абу-Даби шаарында уникалдуу парк ачылды

Абу-Даби шаарында уникалдуу парк ачылды. Бул жерде деңиз жана океандардын жашоочуларынын 100 миңден ашык түрүн көрсө болот. Паркта дүйнөдөгү эң чоң аквариум жайгашты, аны толтуруу үчүн 25 миллион литр суу талап кылынат.

 

Аквариум жашоочулары арасында сейрек кездешүүчү акула, скат жана башка суу жашоочулары бар.

 

Басымдуусу үчүн табигый жаратылыштагыдай шарттар түзүлгөн. Жарыктандыруу системасы кадимки күн-түндөй болуп берилсе, суунун температурасы жыл мезгилине жараша алмашып турат.