Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө

Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында эле өлкөгө 15 миң 986 машине алып келинди.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 4,5 эсе көп.   Унаа импорту боюнча биринчи орунда АКШ турат, бул өлкөдөн Кыргызстанга жылдын биринчи кварталында… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайга эки тараптуу визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Кыргызстан Кытайга эки тараптуу визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, мындай режим 10 же 14 күнгө берилиши мүмкүн.   Кытай тарап биздин сунушту ойлонуп жатат. Эске салсак, өткөн жумада Кытай Казакстан менен бир айлык визасыз режим киргизүү жөнүндө макулдашууну кабыл алды.

Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард долларга келишим түздү

Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард долларга келишим түздү.   Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Документтерге 17-20 майдагы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында кол коюлду.   Арасында Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу, жер семирткич заводун ачуу, энергетика министрлиги менен кызматташуу меморандуму жана маданият… Кененирээк…

ЖК комитети «фейктер жөнүндө»мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков. Жанар Акаевдин белгилешинче, мыйзамдын… Кененирээк…

Ноокатта кубаттуулугу 1,2 мегаваттык чакан ГЭС курулууда

Ноокатта кубаттуулугу 1 миң 200 киловаттык чакан ГЭС курулууда. Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нурильич Токонбаев билдиргендей, учурда курулушка капсула салынды.   Гидроэлектрстанция жылына дээрлик 5,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп күтүлүүдө. Курулуш иштеринин алкагында 30га чукул киши иш менен камсыз… Кененирээк…

Алайдагы активдешкен жер көчкү дагы эле жылып жатат

Алайдагы активдешкен жер көчкү дагы эле жылып жатат. Novosti.kgге  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан такташкандай, бүгүнкү күнү жер көчкү суткасына 20 сантиметр жылууда.   Ушул айдын башында Алай районундагы Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылында көлөмү 334 миң куб метр жер сүрүлүп, эки үй-бүлө коопсуз аймакка… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү былтыркыдан дээрлик 2 млрд куб метрге аз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 364 миллион куб метрди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 миллиард куб метрге аз.   “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына… Кененирээк…

CASA-1000: Жалал-Абад облусуна 4 млн доллар инвестициялык каржылоо күтүлүүдө

CASA-1000 долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусуна 4 миллион доллар инвестициялык каржылоо күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражат Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо райондорундагы 39 айылга жумшалат.   «Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун биринчи бөлүгүндө облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы 20… Кененирээк…

Кыргызстанда 5 миңден ашуун дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Учурда “Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 5 миңден ашык дыйканга берилди. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын жалпы суммасы 2 миллиард 260 миллион сомго жакындады.   Насыя эки категория  — өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча берилген. Анын теңинен көбүн  мал чарбачылык… Кененирээк…

Пекин-Бишкек аба каттамы ачылышы ыктымал

Пекин-Бишкек аба каттамы ачылышы ыктымал. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында айтылды.   Маалыматка ылайык, негизинен эки мамлекет ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүүгө жана жеңилдетүүгө көңүл бурулду. Бул үчүн өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты активдештирүү керектиги белгиленди.   Эске салсак, учурда Кытай менен Үрүмчү-Бишкек… Кененирээк…