Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг бай адамдардын капиталынын өсүшү боюнча лидер болду

Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг бай адамдардын капиталынын өсүшү боюнча лидер болду. Жыл башынан бери ишкердин байлыгы дээрлик 2 эсе көбөйүп, 90 миллиард долларга теңелди.

 

Аналитиктер муну мета-ааламды өнүктүрүү менен байланыштырууда. Цукерберг аталган технологиялар тармагында лидерлик позицияга жайгашуу үчүн көп каражат жумшаганы айтылат.