Кыргызстан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан мартка чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

 

Ага ылайык, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 94 миңге көбөйгөнү катталат. Электр энергиянын басымдуу бөлүгү Казакстандан сатылып алынган.

 

Ошондой Кыргызстан электр кубатын  Өзбекстан жана Түрмөнстандан импорттоду. Сатылып алынган электр энергиясынын жалпы баасы 2 миллиард сомдон ашат.