Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакытта катталууга жетишпей калгандарды каттоо жүрүүдө

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакытта катталууга жетишпей калгандарды каттоо жүрүүдө. Бул үчүн абитуриенттер республика аймагында ачылган тест борборлоруна келиши керек.

 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, ошондой эле тест борборлорун ЖРТнын экинчи этабына даярдоо жүрүүдө.

 

Ал 23-24-майга белгиленди. Ал эми жүйөлүү себептер менен тестирлөөгө жетишпей калгандар үчүн үчүнчү этап 23-24-июнда өтөт.