Кыргызстандан Кытайга жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылат

Кыргызстандан Кытайга жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, эки тарап кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

 

Ведомстводон белгилешкендей, аталган чубалгылар аркылуу бизде ашыкча болуп калган электр энергиясын жогору баада сатууга мүмкүн болот. Ошондой эле Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогорулайт. Линия Жалал-Абад облусундагы “Датка” подстанциясынан чек арадагы “Эркечтам” түйүнүнө чейин тартылат.

 

Экинчи вариант дагы бар, ал Нарындагы “Ак-Кыя” подстанциясынан “Торугарт” өткөрүү түйүнүнө чейин болушу мүмкүн.