Чолпон-Атада 2-июнда “Европа биримдиги — Борбордук Азия” саммити өтөт

Чолпон-Атада 2-июнда “Европа биримдиги — Борбордук Азия” саммити өтөт. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.   Расмий иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.  … Кененирээк…

Адамзаттын Жер орбитасындагы рекорду жаңыланды

Адамдардын Жердин орбитасына бир убакта чыккан саны боюнча рекорд коюлду. РИА Новости кытайлык «Шэньчжоу-16» учкандан кийин аалам мейкиндигинде учуп жүргөн кишинин саны 17ге жеткенин билдирди. Буга чейинки рекорд 2021-жылы 16-сентябрда коюлган. Анда орбитадан бир эле учурда 14 кишини жолуктурууга болот эле. Тагыраагы, МКСтеги жетөө (эки россиялык, үч… Кененирээк…

Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин жаңы баяндамасында жазылган. Былтыр бул убакытта вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.  … Кененирээк…

Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат.   Андан такташкандай, акыркы учурда мессенжерлерде каржылык уюмдардын атын колдонуп аз убакытта көп киреше табуу үчүн активдерди сатып алуу же акча салуу сунуштары тарап жатат.   Шылуундардын торуна түшүп калбаш үчүн Улуттук банк маалыматты расмий… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактары бүгүн таза суусуз калат

Бишкектин айрым аймактары бүгүн таза суусуз калат.   “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, Садовая, 7-апрель, Чокан Валиханов, Ауэзов, Исакеев көчөлөрүндө жана Учкун конушунда эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Ош облусунун Араван районунда жаңы мектеп пайда болду

Ош облусунун Араван районунда жаңы мектеп пайда болду. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект алыскы Тоо-Моюн айылында курулду. Мектеп 225 окуучуга чакталган.   Курулуш иштерине  45 миллион сом багытталды. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Россия ноябрдан тарта Кыргызстандан барган эмгек мигранттары үчүн каттоо процедурасын жеңилдетет

Россия ноябрдан тарта Кыргызстандан барган эмгек мигранттары үчүн каттоо процедурасын жеңилдетет.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы эрежелер кыргызстандыктарга Россиянын миграциялык каттоого оңой турууга мүмкүнчүлүк берет.   Жеңилдетилген кызмат менен колдонуу үчүн мигрант жана ал жашай турган турак-жайдын ээси  мамлекеттик кызматтар порталында, ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстанга 30 миң 500дөн ашык унаа алып келинди

Кыргызстанга 30 миң 500дөн ашык унаа алып келинди. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан мартка чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлуштү.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч 4 эсе көп. Жалпысынан өлкөгө ташылган унаалардын баасы 300 миллион долларды түзөт.   Машинелердин басымдуу… Кененирээк…

Кечигүү эркекти байытты

Кечигүү эркекти байытты. АКШ тургуну дайыма лотерея билетин сатып алып жүргөн дүкөнгө жетишпей калып, шашылыш түрдө башка жерден купон алган. Ошол жерден эле ал 2 миллион долларлык джекпотко ээ болгонун билди.   Ал мындай күтүүсүз келген бактысына ишенбей көпкө турган. Учурда жаңы миллионер ипотекасын жаап,… Кененирээк…