Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди

Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди. Бул тууралуу 24 агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынан билдиришти.

 

Мекеме өрт кырсыгы март жана май айларында катталганын эске салат.

 

Бардык чогултулган материалдар себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.