Памирлик кыргыздарга үй курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүндү

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн үй курууга республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулары күтүлүүдө.

 

Этникалык кыргыздарга турак жай салууга 70 гектар жер аянты трансформацияланган. Анын 40 гектары Кашка-Суу айылында болсо, 30у Бурган-Сууда. Афганистандан көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн учурда Бурган-Суу айылында үйлөрдүн курулушу башталды.

 

Эске салсак, буга чейин кыргыз өкмөтү Кичи жана Чоң Памирде жашаган 1,5 миңдей кыргызды же 400 үй-бүлөнү 2022-2024-жылдар аралыгында көчүрүп келерин маалымдаган.