2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишелдин жолугушуусу өтөт. Чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолуна маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.