Индонезияда “алтын визалар” пайда болот

Индонезияда “алтын визалар” пайда болот. Аларды жакынкы жумаларда чыгарууну пландап жатышат.

 

“Алтын визалар” чет өлкөлүк жарандарга Индонезияда узак убакытка – беш жылдан он жылга чейин болууга мүмкүндүк берет. Бирок бул кызмат баарына жеткиликтүү боло бербейт.

 

Алсак, чет элдиктер бир катар критерийлерге жооп бериши керек. Негизинен эсепте жетиштүү акча болушу шарт. Бийлик мындай жаңычылдык өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга жардам берет деп эсептейт.