Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, курулушка республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулат деп күтүлүүдө.

 

Этникалык кыргыздар үчүн турак жай салууга аймакта 70 гектар жер аянты трансформацияланган. Учурда Бурган-Суу айылында үйлөрдүн курулушу башталды.

 

Кошумчаласак, кыргыз бийлиги буга чейин Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган 1,5 миңдей кыргызды же 400 үй-бүлөнү 2022-2024-жылдар аралыгында көчүрүп келерин маалымдаган.