Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти

Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык,  өлкөнүн түндүк аймагында күндүз температура +36 градуска чейин ысыйт, ал эми түнкүсүн 12 градустан төмөн түшпөйт.

 

Түштүк облустарда аба табы дээрлик 40 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +24 градустун тегерегинде болот.

 

Жаан-чачын нормадан бир аз төмөн болушу мүмкүн.