Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Документте эки өлкөнүн жарандарын 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган. Келишим эки республиканын аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүүнү камтыйт.