Чолпон-Атада 2-июнда “Европа биримдиги — Борбордук Азия” саммити өтөт

Чолпон-Атада 2-июнда “Европа биримдиги — Борбордук Азия” саммити өтөт. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.

 

Расмий иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

 

Саммиттин алкагында Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.