Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шектүү жактарга инвестиция салууда этият болууга чакырат.

 

Андан такташкандай, акыркы учурда мессенжерлерде каржылык уюмдардын атын колдонуп аз убакытта көп киреше табуу үчүн активдерди сатып алуу же акча салуу сунуштары тарап жатат.

 

Шылуундардын торуна түшүп калбаш үчүн Улуттук банк маалыматты расмий сайттардан гана алып, шектүү шилтемелерге өтпөй, картанын пин-коду, паспорт номери сыяктуу жеке маалыматты бейтааныш адамдарга берүүдөн баш тартууну сунуштайт.