Бишкек-Кара-Балта жолунан 104 миллион сом уурдалган

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкек-Кара-Балта жолун куруу учурунда казынадан 104 миллион сом уурдалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан «Бишкек -Кара-Балта авто жолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагындагы иштердин көлөмүн текшерилген. Анын натыйжасында көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор, асфальт бетону жана башка мүлктөр жетишсиз болуп чыккан. Ошондой эле асфальт жука төшөлгөнү аныкталды.

 

Баары болуп мамлекетке 104 млн. 81 миң 600 сом зыян келтирилген.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 245-беренеси («коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») боюнча кылмыш ишин козгоду, тергөө жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети быйыл 27-февралдагы жыйынында өлкөдөгү кан жолдорду курууга, оңдоого алынган насыя, гранттар тууралуу тармактык министрликтен маалымат алды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин координатору Санжар Асаналиев Бишкек-Кара-Балта жолунун кымбат оңдолгонун эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылганы менен негиздеген.

«Бишкек-Кара-Балта жолуна 100 миллион доллар тартылган. Анын 88 миллиону курулуш иштерине кеткен. Кытайдын China Railway №5 компаниясы менен келишим түзүлгөн. Жолдун курулушун көзөмөлдөгөн эл аралык консультант бар, ага жумшалган акча 1 миллион 600 миң доллар. Бул биринчи категорияда салынган жол. Толугу менен төрт жана алты тилкелүү жол болуп эсептелет. Инфраструктурасы менен жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул долбоорду оңдоого ондон ашык жалданма компания арыз берген. Бирок алардын арасынан кытайлык компания бааны арзан көрсөткөн. Калган компаниялар 1,5 миллиондон баштап 2 миллион доллардан ашык бааны көрсөткөн», деп билдирген болчу Санжар Асаналиев.

Президент Садыр Жапаров былтыр февралда бул жолду 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган, министрлик болсо жол быйыл толугу менен аяктайт деп ишендирип келатат.