Кыргызстанга келген россиялык туристтердин саны эки эсе өстү

Кыргызстанга келген россиялык туристтердин саны эки эсе өстү. Россиянын федералдык статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айынан апрелге чейин биздин өлкөгө 64 миң 300 россиялык жаран туристтик сапар менен келген.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 58 пайызга көп.

 

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанга жалпысынан Россиянын 446 миң жараны келген. Анын 69 миңи биздин өлкөнү саякаттоо үчүн тандаган.