807 минден ашык кыргызстандык бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде иштеп жүрөт

807 минден ашык кыргызстандык бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде иштеп жүрөт.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, мигранттардын басымдуусу Россияда, расмий маалымат боюнча бул өлкөдө 680 миңден ашык Кыргызстан жараны иштейт.   Андан кийин Түркия жана Казакстан турат – 35 миңден, Канада… Кененирээк…

Бишкек тургундарына таза сууну сарамжалдуу колдонуу сунушталууда

Бишкек тургундарына таза сууну сарамжалдуу колдонуу сунушталууда. Мэрия маалыматына ылайык, ордо калаада жыл сайын муздак сууну керектөөчүлөрдун саны өсүп жатат.   Эгер өткөн жылы 263 миң абонент болсо, быйыл алардын саны 270 миңден ашат. Калктын көбөйүшү менен, суу колдонуу көрсөткүчү дагы өсүүдө.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстан Кытай менен биргеликте 6 гидроэлектростанция курууну пландап жатат

Кыргызстан Кытай менен биргеликте 6 гидроэлектростанция курууну пландап жатат.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 мегаваттан ашат.   Алар Сары-Жаз дарыясында жайгашат. Бийликтен белгилешкендей, долбоордун максаты – өлкөдөгү электр энергиясынын дефицитин азайтуу жана керектөөчүлөргө берилүүчү электр кубатынын сапатын жакшыртуу.

Карим Бензема сезондун аягында «Реалдан» кетет

Учурдагы «Алтын топтун» ээси Карим Бензема сезондун аягында «Реалдан» кетет. Француз футболчусу менен коштошуу салтанаты эртең болот.   Маалым болгондой, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү Сауд Аравиясына барып, «Аль-Иттихад» клубунда кеминде эки жыл ойнойт.   Бейрасмий маалыматтарга караганда, футболчуга Жакынкы Чыгышта жылына 100 миллион евродон… Кененирээк…

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргызстанга Катардын эмири келет. Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапары 6-7-июнь күндөрү болот.   Бул күндөрү Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Коомдук тартипти жана жол кыймылын коргоого 3 миңге жакын кызматкер тартылат. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө… Кененирээк…

“Ак-Тилек” бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду. УКМКнын Чек ара кызматы мунун себебин Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат, узун кезек жок.   Эске салсак, өткөн жумада Талас облусундагы… Кененирээк…

Астана – Бишкек – Астана аба каттамы ушул аптада жанданат

Астана – Бишкек – Астана аба каттамы ушул аптада жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан такташкандай, казакстандык авиакомпания тарабынан аталган багытка учактар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү учат.   Учуу убактысы 2 саатты түзөт.

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам ушул жумада аткарылат

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам ушул жумада аткарылат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.   Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.

Бишкектеги мектеп лагерлери бүгүнтөн тарта иштей баштайт

Бишкектеги мектеп лагерлери бүгүнтөн тарта иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 39 аянтча ачылат. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш менен камсыз болушат.   Жалпысынан төрт миңден ашык баланы камтуу пландалууда. Каникул учурунда алар үчүн маданий саякаттар, сынактар, спорттук оюндар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат.   Мектеп лагерлери… Кененирээк…

Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрүнө туурасы 5 метр болгон жалпы 410 метр асфальт төшөлдү. Иштерди «Кыргызавтожол» ишканасынын Нарын филиалы аткарып жатат.