Франциялык чабуулчу Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” менен келишим түздү

Франциялык чабуулчу Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” менен келишим түздү. Форвард трансфер документтерине кол койгону белгилүү болду. “Алтын топтун” учурдагы ээси аталган клубда 2 жыл ойнойт.

 

Жылдык маянасы 100 миллион еврону түзөт. Белгилеп кетсек, Карим Бензема “Мадриддик Реалда” 14 жыл катары менен ойногон. Ал бүгүн күйөрмандары менен коштошот.