Бишкекте №7 троллейбус өз каттамы менен жүрүп баштады

Бишкекте №7 троллейбус өз каттамы менен жүрүп баштады. Троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, аталган коомдук транспорт кайрадан Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.

 

Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөр кесилишинде канализациялык коллекторду орнотуу иштерине байланыштуу, жыл башынан бери №7 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлгөн болчу.