Бишкек жана Чүйдө алдыдагы 2 күндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрүн, Жаш Гвардия бульварын, Чүй, Манас проспектилерин маал-маалы менен жабуу пландалып жатат.
Чектөөлөр Катар эмиринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен байланыштуу.